Мин-Булак айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектуу II сессиясынын Токтому № 13/55 Мин-Булак айыл аймагына тийешелуу болгон жер аянттарын жеке менчикке болуп беруу жонундо

Toktom-shapka

Куйбышев  айылы.                                                                                                                                 25-апрель  2022-ж.

Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын  кезектүү II сессиясынын

Токтому № 13/55

Миӊ-Булак айыл аймагына  тийешелүү болгон жер аянттарын жеке менчикке бөлүп берүү жөнүндө.

         Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин төрагасы А.Жамангуловдун баяндамасмын угуп жана талкуулап, депутаттардан Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын  кезектүү II сессиясы токтом кылат.

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтънън 2005-жылдын 30-июнундагы №276, 2010-жылдын 18-сентябрындагы №210 токтомдорунун редакцияларына ылайык,  «Жеке менчике турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө» жобосунун, «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн өлчөмү жергиликтүү оз алдынча башкаруунун тийиштүү органдары аныкташат»  деген 5-пунктуна ылайык каралсын.

2.Миӊ-Булак айыл аймагына  тийешелүү болгон жер аянттарын жеке менчикке бөлүп берүүдө 0,15 га  чейин бөлүнүп берилсин.

3.Токтомду каттоодон өткөрүп minbulak.org. kg сайтына жарыялоо жагы кеӊештин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

 

Төрага:                                                                                                           А.Жамангулов

Жонотулсун; иш кагаздарына, Нарын райондук юистиция башкармалыгын

Добавить комментарий