Куйбышев айылы 25-декабрь 2022-жыл
Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү IV сессиясынын
Токтому №21/74
Миӊ-Булак айыл аймагынын Куйбышев айылындагы А.Осмонов атындагы маданият үйүн, капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө
Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновдун баяндамасын угуп жана талкуулап Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
Токтом кылат:
1.Миӊ-Булак айыл аймагынын Куйбышев айылындагы А.Осмонов атындагы маданият үйүн,капиталдык ремонттон өткөрүүгө жалпы суммасы 11458240 (он бир миллион төрт жүз элүү сегиз миӊ эки жүз кырк) сомду түздү, дем берүүчү гранттан 3000000 (үч миллион)сом суралып, өздүк салымга 8458240 (сегиз миллион төрт жүз элүү сегиз миӊ эки жүз кырк )сом акча каражаты, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн Өнүктүрүү фондунан каралып берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
3.Токтом веб сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин, токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага милдеттендирилсин.
Төрага: А.Жамангулов
____________________________________________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн иш кагазга,айыл өкмөтүнө, Нарын облустук юстиция башкармалыгына