Куйбышев айылы “27” январь 2022 -ж
Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясынын
Токтому № 10/40
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга атайын каражатына Ɵрнɵк мал базарынан кызмат кɵрсɵтүүдɵн түшүүчү акча каражатына план суроо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Жумабек уулу Жанболоттун баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII чакырылышына кезектүү I сессиясы токтом кылат:
1.Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн Ɵрнɵк айылындагы мал базардан кызмат кɵрсɵтүүдɵн түшɵ туруучу акча каражатына 2022-жылдын атайын каражатына 150,0 миң (жүз элүү миң) сом план каралып берилсин.
тɵлɵɵ коду -14239900- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кɵрсɵтүүлɵр катары классификацияланган башка түшүүлɵр.
2.Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
3.Иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмотүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жумабек уулу Жанболотко милдеттендирилсин.
Төрага: А.Жамангулов
_______________________________________________________________________________________________________________________________Жөнөтүлсүн иш кагазга,айыл өкмөтүнө Нарын райондук юистиция башкармалыгына .
Миӊ-Булак айыл аймагындагы Өрнөк мал базардан түшүүчү акча каражатынын эсеби.
- Жүк ташуучу унаалар; ар бир унаага 30 сомдон бир жылда болжол менен 1693 унаа кирип чыгат. 30 сом*1693унаа=50790сом.
- Жеӊил авто унаалар, ар бир унаага 10 сомдон бир жылда болжол менен 960 автоунаа кирип чыгат. 10 сом*960 унаа=9600сом.
- Майда жандыкка ( кой, эчки) 10 сом*500 баш=50000 сом.
- Бодо малга (уй, жылкы, топоз) 30 сомдон*960баш = 28800 сом.
- Ашкана соода түйүндөрү 200 сомдон*6 түйүн= 1200сом*9 айга = 10800 сом.
Баары: 150000( бир жүз элүү миӊ) сом.
Нач. ФЭО Ж.Жумабек уулу