Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын II сессиясынын № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин

                             XXVI чакырылышынын  II сессиясынын

№ 2 ТОКТОМУ

«19» 09  2016-ж.                                                       Куйбышев айылы                                                                                                                         Насип ата көчөсү №44

     Мин-Булак айыл аймагына карашттуу жер аяннтарынан, кен иштеткен  башка ишканалардан, айыл аймагынын тургундарынан келип түшкөн акча каражаттарын  жана социалдык пакетин  натыйжалуу пайдалануу максатында Мин-Булак айыл өкмөтүнүнү алдында «Миң-Булак айыл аймагынын өнүктүрүү фонду» түзүү жөнүндө

Депутаттардын Мин-Булак айылдык аймагынын Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мин-Булак айыл өкмөтүнүн алдында «Мин-Булак айыл аймагынын өнүктүрүү фонду»  түзүлсүн.
  1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы фондун башчысын жана бухгалтерин бекитсин.
  1. Өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жагы Мин-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  1. Өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү боюнча Мин-Булак айыл өкмөтү Айылдык Кенешке отчётун бир жылда бир жолу берсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышын Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдетендирилсин.

Төрага                                                                                                         Т. Анкашов.

Добавить комментарий