Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын Токтому №14/59 Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылы бекитилген сметасынын статьяларын жылыштыруу жөнүндө

Toktom-shapka

Куйбышев айылы                                                                                                                                         2.06. 2022-ж.

Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз   III сессиясынын

Токтому №14/59

Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылы бекитилген сметасынын статьяларын жылыштыруу  жөнүндө  

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Жумабек уулу Жанболоттун жана айыл өкмөт башчысы Кудайбергенов Курманбетин  баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын  Миӊ-Булак айыл аймагын  айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз   III  сессиясы токтом кылат                                                   

  1. Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө 30.05.2022-жылы келип түшкөн арыздын негизинде  Асангазы кызы  Айдеми “ Грек Рим” күрөшү боюнча Азия чемпионатына бара турган кызыбызга  жардам катары барып келүү чыгымына  60,0 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө 2022-жылдагы бюджетинен каралган акча каражатынан төмөндөгү статьясынан

22154100- соц. Коргоо чыгымынан (представ. расход.)  —  60,0 миӊ (алтымыш миӊ) сом акча каражатынан

22154900- кызмат көрсөтүү чыгымына  —  60,0 миӊ (алтымыш миӊ) сом каралып, жылыштырылып берилсин.

  1. Ушул токтом Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, minbulak.naryn. region.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага милдеттендирилсин.
  1. Иш алып баруу жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн  финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы  Жумабек уулу Жанболотко милдеттендирилсин.

  Төрага                                                                                                              А.Жамангулов

жөнөтүлсүн; иш кагаздарга, Нарын райондук юистиция башкармалыгына

 

Добавить комментарий