Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясынын
Токтому № 22/82
27-январь 2023-жыл Куйбышев айылы
Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мүлк салыгынын зоналык коэффицентин кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча, айыл ɵкмɵт К.Кудайбергеновдун жана айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адиси Н.Сандиевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 404-беренесинин 5- пунктуна ылайык 01.01.2023-жылдан баштап Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мүлк салыгынын зоналык коэффиценти 1,3 эсебинде бекитилсин.
2. Ушул токтом Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, minbulak. org.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Тɵрага А.Жамангулов
Жɵнɵтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөткө, Нарын облусунун юстиция башкармалыгына.