Миӊ-Булак айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн имаратынын 1-бөлмөсүн 2 жылга “ЭГИДА Окуу борбору” коомдук бирикмесине пайдаланууга берүү жөнүндө

Toktom-shapka

Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын

 кезектүү   I сессиясынын

Токтому №22/77

       27- январь   2023-жыл                                                                                                                Куйбышев айылы

 Миӊ-Булак айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн имаратынын

1-бөлмөсүн 2 жылга “ЭГИДА Окуу борбору” коомдук бирикмесине пайдаланууга берүү жөнүндө

            Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “ЭГИДА Окуу борбору” коомдук бирикмесине, айыл аймагынын тургундарына кесиптик билим берүү үчүн айыл өкмөтүнүн имаратынын бир бөлмөсүн бөлүп берүүнү суранган каттын негизинде, Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин   XXVIII  чакырылышынын кезектүү   I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Куйбышев айылында жайгашкан Айыл Өкмөтүнүн имаратынан 48,75 кв. м. түзгөн бөлмөсү “ЭГИДА Окуу борбору” коомдук бирикмесине пайдаланууга 2 жылга билим берүү багытына берүүгө, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн келишими менен берилсин..

2. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго жүктөлсүн.

3.Бул токтомду веб-сайтка жарыялоо жагы Мин-Булак айылдык кенешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага  тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                                                                                      Жамангулов А.

Жөнөтүлсүн иш кагазга,айыл өкмөтүнө,Нарын облустук юстиция башкармалыгына

 

 

Добавить комментарий