Куйбышев айылы “27” апрель 2023-ж.
Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз I сессиясынын
Токтому №23/83
Миӊ-Булак айыл аймагынын ирригацияны ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда 2023-жылга тарифтерин бекитүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл аймагынын 2023-жылга планын угуп, талкуулап, Депутаттардын Мнӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз I сессиясы токтом кылат.
- 2023-жылга карата жайыт акыны жана чабандардын багып келген бир айлык эмгек акысын төмөндөгүдөй бекитилсин.
Жайыт акы бир жылдык тарифи:
- Кой,Эчкиге-14сом.
- Ийри мүйүздүү мал-70сом
- Топоз-100сом
- Жылкы-70сом
Сырттан келген малдарга бекитилген баадан эки эселенген акы алынсын.
2.Тазалык жыйым ар бир жанга жылына 20 ( жыйырма ) сом.
3.Сугат сууга “Байчерик” каналынан суу алгандар 1 га жерге, бир жылга 150(бир жүз элүү) сом.ал эми огородторго бир жылга ар бир түтүнгө 50 (элүү) сом. Таза суу ичүүчүлөр 1 түтүнгө бир жылга үйүнө суу киргизгендер 1800 сом, ал эми сырткы суу түтүгүнөн суу алгандар бир жылга 600 сом.
4.Ушул токтом Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, minbulak.naryn.region.kg веб- сайтына жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага А.Жамангулов
жɵнɵтүлсүн: иш кагаздарга Нарын облусунун юстиция башкармалыгына.