Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын
кезектүү I сессиясынын
Токтому № 22/79
27-январь 2023-жыл Куйбышев айылы
Миӊ-Булак айыл аймагынын муниципалдык менчиктеги жер участкаларын менчикке берүү тартиби жөнүндө
Миӊ-Булак айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин төрагасы А.Жамангуловдун жана айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновдун баяндамасын угуп жана талкуулап Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 3-бөлүмдүн 13-беренесине ылайык айыл өкмөтнө, Миӊ-Булак айыл аймагынын муниципалдык менчикти менчиктештирүү программасынын иштерин уюштуруунун жана дагы башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгып, кеӊештин кароосуна коюусу милдеттендирилсин.
2.Миӊ-Булак айыл аймагындагы, муниципалдык менчиктеги жер участкаларын, жеке жактыардын менчигине чечип берүүдө, Миӊ-Булак айыл аймагынын жергиликтүү тургундарынын, жер сурап кайрылган арыздарынын тизмегинин ичинен, күтүүдө турган жергиликтүү жарандардын эӊ аз камсыз катмарына, биринчилерден болуп менчике ээ болуусу жөнүндө муниципалдык менчикти менчиктештирүү программасынын долбооруна ушул абзацтагы тартип, баса белгиленси
3.Бул токтомдун аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтом Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, minbulak. оrg.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын..
Төрага: А.Жамангулов
____________________________________________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн иш кагазга,айыл өкмөтүнө,Нарын облустук юстиция башкармалыгына