“Нарын районунун Мин-Булак айыл аймагында ичүүчү таза-суу үчүн жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча төлөмдөрдүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндө”

Toktom-shapka

Депутаттардын Мин-Булак айыл аймагынын  айылдык Кещешинин

XXVII чакырылышынын  кезексиз I сессиясынын   ТОКТОМУ  № 1/1

20-январь   2020- жыл                                        Куйбышев  айылы

“Нарын районунун Мин-Булак айыл аймагында ичүүчү таза-суу үчүн жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча төлөмдөрдүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндө”

 

Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповдун маалыматын угуп жана талкуулап, аталган нарктарды (тарифтерди) эл менен тааныштыруу жана макулдашуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык,  Мин-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповдун Мин-Булак айыл аймагында ичүүчү таза-суу үчүн жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча төлөмдөрдүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндөгү билдирүүсү жана сунуштары эске алынсын.
  1. Мин-Булак айыл аймагында ичүүчү таза-сууга болгон төлөмдүн наркы (тарифи) ар бир түтүнгө көчөдөн ташып ичкендерге бир айга 50 (элүү) сом, үй ичине киргизип колдонгондорго  айына түтүнгө 100 (бир жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
  1. Мин-Булак айыл аймагында графикке ылайык таштандыларды чыгаруунун наркы (тарифи) бир айга ар бир кожолукка 50 (элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы К. Усуповго тапшырылсын

 

Төрага:                                                                                                          К. Асанов

 

_____________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн:  Иш кагаздарына

Добавить комментарий