«Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 мВт түзгөн Куланак ГЭСинин обьектилеринин курулушуна бөлүнүүчү жер аянттарынын категорияларын которууга макулдук берүү жөнүндө

Toktom-shapka

Мищ-Булак айыл аймагынын  айылдык кещешинин XXVII_чакырылышынын кезексиз III  сессиясынын

ТОКТОМУ

«__02_»- __03___ 2020-ж.   №3/1                                         Куйбышев  айылы.

«Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген  коомунун кубаттуулугу  100 мВт түзгөн Куланак ГЭСинин обьектилеринин  курулушуна бөлүнүүчү жер аянттарынын  категорияларын которууга  макулдук берүү жөнүндө

Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген  коомунун кубаттуулугу  100 мВт түзгөн Куланак ГЭСинин обьектилеринин  курулушуна Миң-Булак айыл аймагынын тийиштүү  жер аянттары  бөлүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жер  кодексинин 13-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7- беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бектилген «Жер участокторун (трансформациялоо) жөнүндө» убактылуу жобосуна таянып, Мищ-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген  коомунун кубаттуулугу  100 мВт түзгөн Куланак ГЭСинин  курулушуна бөлүнүп берилүүчү  жайыт 26,33га, токой аянттары 0,99га, жалпы 27,32га жер аянтын айыл чарба багытындагы  жерлер категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, коргоонун жана башка багыттагы  жерлер категориясына  которууга макулдук берилсин.

  1. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуулары жана алынбай калган пайданы мыйзам чегинде толтуруп берүү жагы сунушталсын.
  2. Убактылуу бөлүнуп берилген жер аянты иштетилип, гидроэлектростанция курулуп бүтөрү менен (Рекультивацияланаары менен), мурдагы калыбына келтирилип, сугат тармактарын ощдоп, айыл өкмөтүнүн карамагына кайра өткөрүлүп  берилиши сунушталсын.
  3. Убактылуу курулуучу обьектилердин жер аянттарын тактап берүү «Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан сунушталсын.
  4. Убактылуу бөлүнүп берилген жер аянты иштетилип, гидроэлектростанция  курулуп бүтөрү менен (рекультивацияланары менен), мурдагы калыбына келтирилип, сугат тармактарын ощдоп, айыл өкмөтүнүн карамагына кайра өткөрүлүп берилиши  Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген  коомуна милдеттендирилсин.
  5. «Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомунан башка ишканаларга жер аянтын өткөрүп берүү иштери жүрүлгөн учурда, ушул токтом күчүн жоготту деп табылсын.
  6. Токтомдо белгиленген пункттар өз убагында толук аткарылбаса, ар кандай өзгөрүүлөр жана кырдаалдар пайда болгон учурда ушул токтомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
  7. Ушул токтомду Нарын райондук мамлекеттик  администрациясына  сунуштоо иши Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Усуповго милдеттендирилсин.
  8. Ушул токтом Мищ-Булак айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, minbulak.narun.region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук  актыларынын мамлекетттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Төрага                                                                                         Р.  Жумамүдүнов

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий