Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын Токтому №12/47 Миӊ-Булак айыл аймагындагы Куйбышев айылынын атын, Миӊ-Булак айыл аймагынын “Таш-Дөбө” айылы деп атын өзгөртүү жөнүндө

Toktom-shapka

Куйбышев айылы                                                                                                                               14-март  2022-ж.

Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз   II сессиясынын

      Токтому №12/47

           Миӊ-Булак айыл аймагындагы Куйбышев айылынын атын, Миӊ-Булак айыл аймагынын  “Таш-Дөбө” айылы деп атын  өзгөртүү жөнүндө

 Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Кудайбергенов Курманбектин  баяндамасын угуп жана айыл тургундарынын кайрылуусун эске алып,  талкуулап                 Миӊ-Булак айыл аймагын  айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  II сессиясы токтом кылат:                                                     

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488 токтому жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 “ Мамлекеттик маанидеги обьектилерге ат берүү жана атын өзгөртүү” токтомуна ылайык, Миӊ-Булак айыл аймагындагы Куйбышев айылынын атын,Миӊ-Булак айыл аймагынын Таш -Дөбө айылы деп аты өзгөртүлсүн.

 

2.Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы  А.Айтбаевага милдеттендирилсин.

 

  1. Токтом веб сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.

 

  1. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Миӊ-Булак айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго жүктөлсүн.

 

 

 

 

  Төрага                                                                                                              А.Жамангулов

 

жөнөтүлсүн; иш кагаздарга, Нарын райондук юистиция башкармалыгына .

 

 

 

 

 

Добавить комментарий