Toktom-shapka

Депутаттардын Мин-Булак айыл аймагынын  айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз II сессиясынын

ТОКТОМУ  № 2/4

28-март  2019- жыл                                           Куйбышев  айылы

«Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби боюнча

 Жобону бекитүү жөнүндө»

Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

  1. Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин. Тиркеме беш баракта тиркелет.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго  жүктөлсүн.
  3. Токтомду org.kg веб сайтына жайгаштыруу Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Жолдошовго милдеттендирилсин.

  Торага                                                                                             К. Асанов

 

 

Мин-Булак айылдык аймагынын

айылдык кеңешинин

2019-жылдын 28-март

№ 2\4  токтому менен бекитилди

Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө

 ЖОБО

I. Жалпы жоболор

  1. Конкурс өткөрүү жөнүндө жобо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

Ушул жобо айыл аймагынын территориясында конкурс өткөрүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.

  1. Конкурс кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдүн профессионалдык даярдыгынын, квалификациясынын, билиминин деңгээлин объективдүү жана ачык баалоо максатында өткөрүлөт.

II. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр 

  1. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр:

кепилдик салымы – кызмат көрсөтүү максатында конкурска катышууга каалоосун билдирген талапкер тарабынан киргизилген акчалай сумма;

конкурс – тандоо жана конкурстун жеңүүчүсүнө кызмат көрсөтүү укуктарын ыйгаруу;

ак ниет эмес атаандаштык – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, ишкердик жүгүртүмдүн салттарына, ак ниеттүүлүк, эстүүлүк жана адилеттүүлүктүн талаптарына карама-каршы келбеген артыкчылыктарын сатып алууга багытталган конкурстун субъекттеринин аракеттери, эгерде мындай аракеттер натыйжада төмөнкүгө ээ болсо:

  • конкурстун катышуучуларынын ортосунда жашыруун сүйлөшүп алуу,
  • коррупция,
  • бааларды жасалма жогорулатуу, төмөндөтүү же кармоо,
  • конкурска жетүүсүн чектөө же потенциалдуу атаандаштарды жок кылуу жана башка ак ниет эмес аракеттер;

конкурстун катышуучусу – ушул Жобо менен белгиленген конкурска катышууга арыз берген жана уруксат алган жак.

III. Конкурс жана конкурсттук комиссия

  1. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрүн тандоо конкурсттук негизде жүзөгө ашырылат. Конкурс Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын алардын мүмкүнчүлүктөрүнө жана профессионалдык даярдыгына ылайык бирдей жетүүсүн камсыз кылат.
  2. Конкурсту өткөрүүнүн максаты кызмат көрсөтүүгө коюлган квалификациялык талаптарга, анын ичинде билимине, иш тажрыйбасына, профессионалдык жана жалпы билимдерине, ишкердик сапаттарына, ошондой эле талапкерлердин мотивациясына ылайык кыйла дайындалган талапкерлерди аныктоо болуп саналат.
  3. Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен кызмат көрсөтүүгө талапкерлердин тандоосун жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу конкурсттук комиссия (мындан ары — Комиссия) түзүлөт.
  4. 7. Конкурсттук комиссиянын түзүмү жана курамы:

— конкурсттук комиссиянын төрагасы;

—  конкурсттук комиссиянын мүчөлөрү;

— конкурсттук комиссиянын катчысы.

  1. Ишмердиктин адистештирилген түрлөрүндө атайын профессионалдык билимдерин текшерүү үчүн конкурсттук комиссия серепчилерди чакырта алат. Серепчилердин корутундулары сунуштоо мүнөзүнө ээ жана протокол менен таризделет.
  2. Конкурсту өткөрүүдө комиссия:

— конкурсту өткөрүүнүн мөөнөттөрүн жана иш регламентин аныктайт;

-конкурстун катышуучуларына карата квалификациялык талаптарды белгилейт;

— маектешүүнүн  баалоо критериин белгилейт;

— конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтерди карайт жана конкурска катышуу жөнүндө чечимди кабыл алат;

— конкурстун катышуучулары менен маектешүү өткөрөт;

— конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт;

— конкурстун жыйынтыктарын бекитет;

  1. Жоопту катчы:

— кызмат көрсөтүүгө талаптанган жарандардан документтерди кабыл алууну жүзөгө ашырат;

— кызмат көрсөтүүгө талаптанган жарандарга конкурсту өткөрүүнүн шарттары тууралуу маалымат берет;

— конкурсттук комиссиянын мүчөлөрү үчүн  иш кагаздарды иштетет жана даярдайт;

— конкурска катышкандардын тизмесин түзөт;

—  маектешүүнүн суроолорунун тизмесин иштеп чыгат;

— конкурстун катышуучуларына конкурстун бардык баскычтарын өткөрүүнүн жери, күнү, айы, жылы жана убактысы  тууралуу маалымат берет.

IV. Ачык конкурсту өткөрүү 

  1. Ачык конкурс төмөнкү тартипте өткөрүлөт:

— Жалпыга малымдоо каражаттарында жана айыл аймактагы жалпыга жеткиликтүү жерлерге ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарнама берүү;

— конкурстун катышуучуларынан документтерди кабыл алуу;

— конкурсту түздөн түз өткөрүү.

  1. Конкурсту өткөрүү төмөнкү этаптарды камтыйт:

— кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата коюлган талаптарга конкурстун катышуучуларынын документтеринин ылайык келүүсүн кароо;

— маектешүү;

— комиссия тарабынан кароо;

— конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо тууралуу чечимди кабыл алуу.

V. Кокурстун катышуучулары

  1. Катышуучулар төмөнкү учурларда конкурска катыша алышпайт:

—  кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбесе;

— керектүү документтерди бербесе;

-кепилдик салымды төлөбөсө (эгерде каралса).

  1. Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүгө ачык конкурсту өткөрүүнүн узактыгы документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 30 күндөн ашпоого тийиш.

VI. Маалыматтык пакетти түзүүнүн тартиби 

  1. Айыл өкмөтү төмөнкү маалыматты камтыган маалыматтык пакетти түзөт:

а) конкурстун шарттарын;

г) кепилдик салымдын өлчөмүн, конкурстун катышуучулары тарабынан аны төлөөнүн мөөнөттөрү жана тартиби.

  1. Айыл өкмөтү конкурска катышууну каалаган жактарга маалыматтык пакетти берүүгө милдеттүү.
  2. Жарыя конкурстун мөөнөтү, жери, анын ичинде конкурска катышууга арыздарды кабыл алууну токтотуунун мөөнөттөрү, кепилдик салымдын суммасы которула турган банкттын реквизиттери (эгерде каралса), толук маалымат алуу үчүн айыл өкмөтүнүн байланыш телефондору жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. Жарыя конкурсту өткөрүүгө чейин 14 күндөн кечиктирбей жарыяланат.

VII. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби 

  1. Конкурска катышууга укугун алуу үчүн талапкер төмөнкүлөрдү берет:

а) конкурска катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;

б) жеке жак-талапкердин өздүгүн тастыктаган документ;

в) юридикалык жак-талапкердин укук жөндөмдүүлүгүн тастыктоочу документ;

г) юридикалык жак-талапкердин жетекчиси экенин тастыктаган документ, болбосо жеке же юридикалык жак-талапкердин атынан чыгуу укугуна ишеним кат;

д) кепилдик салымын (эгерде каралса) төккөнүн тастыктоочу төлөм документтери.

  1. Конкурска катышуу ниети жөнүндө арыз конкурсту өткөрүүгө чейин акыркы жумушчу күндөн кечиктирбей берилиши керек.

Конкурска катышуу ниетин билдирген юридикалык жак кошумча мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уставынын, түзүү жөнүндө чечиминин көчүрмөлөрүн берет.

  1. Кепилдик салым катышуучулар тарабынан айыл өкмөтүнүн белгилүү эсебине накталай эмес которуу жолу менен төгүлөт.
  2. Конкурстун жеңүүчүсү менен келишим түзгөн учурда кепилдик салымынын суммасы кайтарылууга тийиш.

Кепилдик салым 5 жумушчу күндүн ичинде кайтарылууга тийиш:

а) конкурста жеңе албаган катышуучуларга;

б) эгерде конкурс өткөрүлбөй калса;

в) конкурсту өткөрүүгө чейин 3 күн калганда катышуудан баш тартса.

Калган учурларда кепилдик салымы конкурсту өткөрүү боюнча чыгымдардын ордун толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн башкаруусунда калат.

  1. Арыз берүүчүгө төмөнкү учурларда документтерди кабыл алуудан баш тартылат:

а) арыз конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыяда белгиленген арызды кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин берилсе;

б) арыз берүүчүнүн атынан аракеттенүүгө ыйгарым укуктары жок адам тарабынан берилсе;

в) маалыматтык пакет жана ушул Жобо менен каралган керектүү документтер берилбесе же берилген документтер тиешелүү түрдө таризделбесе.

  1. Катышуучу укуктуу:

а) жеке өзү же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу конкурска катышууга;

б) конкурстун предмети жөнүндө толук маалымат алууга;

в) конкурска катышуудан баш тартууга, бирок конкурсту өткөрүүгө чейин үч күндөн кечиктирбей чечими тууралуу конкурстун уюштуруучусуна кабарлоо, ушуну менен бирге белгиленген мөөнөттүн ичинде кепилдик салымын алуу, көрсөтүлгөн мөөнөттү бузган учурда кепилдик салымы кайтарылбайт;

г) комиссиянын протоколдору менен таанышууга жана протоколдон көчүрмө бөлүк алууга;

д) конкурстун катышуучусу катары укуктары бузулган учурда сотко кайрылууга

19.  Бир гана катышуучу катышкан конкурс ишке ашпай калды деп таанылат жана айыл өкмөтү конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяны экинчи ирет жарыялайт.

24. Айыл өкмөтү конкурсту өткөрүүгө чейин он күндөн кечиктирбей конкурстан баш тартууга укуктуу, конкурстан баш тартуунун себептери көрсөтүлгөн протокол түзүлөт. Конкурстан баш тарткан учурда айыл өкмөтү конкурсту өткөрүүдөн баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен чечими тууралуу жазуу формасында катышуучуларга кабарлайт

25. Катышуучу тарабынан ак ниет эмес атаандаштык аныкталган учурда акыркысы мындан ары конкурска катышуу укугунан ажыратылат, муну менен бирге кепилдик салымы ага кайтарылбайт.

VIII. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби.

  1. Конкурсту жарыялоого чейин конкурстун шарттары белгиленет.
  2. Жарыяда жана маалыматтык пакетте көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына ылайык келген конкурстук сунуш конкурстун катышуучуларына бекитилген конверттин ичинде арыз менен бирге тапшырылат.
  3. Бир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш сунушталышы мүмкүн.

Конкурстук сунуштар менен конверттер инвестициялык жана  комиссия тарабынан белгиленген (технико-экономикалык көрсөткүчтөр, түшүндүрмө каты) конкурстун шарттарына ылайык келген башка сунуштарды камтышы керек.

  1. Конкурстук сунуштарды ачуу конкурсту түздөн түз өткөргөн учурда жана конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен конкурстук комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Комиссия келип түшкөн сунуштарды ирээти менен ачат, конкурстун катышуучусунун номерин, анын фамилиясын, атын жана атасынын атын же аталышын, конкурстун катышуучусу тарабынан сунушталган конкурсттук шарттарды окуйт, конкурстук сунуштарды ачуунун натыйжаларын протоколго жазат жана келип түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.

  1. Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук сунуштарды ачкан күнү конкурстук документацияда белгиленген критерийлер боюнча жүзөгө ашырылат. Айыл аймагынын кызыкчылыктарынын негизинде, конкурстун шарттары менен каралган учурларда, конкурстун приоритеттүү шарттары болуп сунушталган эң жакшы шарттар жана/же инвестициялык сунуштар саналат;

Эрежеден тышкары учурларда, конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болгондо, конкурсту өткөрүүнүн мөөнөттөрү комиссия тарабынан кийинки комиссиянын отурумуна чейин узартылышы мүмкүн, бул тууралуу комиссиянын отурумуна катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун катышуучулары тарабынан кол коюулуучу конкурстук сунуштарды ачуу жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.

Берилген билдирүүлөрдү баалоонун жүрүшүндө комиссия конкурстун катышуучуларына өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүү үчүн кайрылууга укуктуу. Конкурстук шарттардын маңызын өзгөртүүгө жол берилбейт.

Конкурстук документацияда белгиленген талаптарга ылайык келбеген конкурстук сунушту комиссия четке кагат.

  1. Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгы боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган конкурстун жеңүүчүсү аныкталат, комиссиянын катчысы тарабынан конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт, протоколго катчы, комиссиянын отурумуна катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат.
  2. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда конкурсту өткөрүүгө байланыштуу пайда болгон талаш-тартыштар ачык добуш берүү менен чечилет, ал эми бирдей сандагы добуш чогулса, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
  3. Конкурсту өткөрүүдө:

а) Комиссиянын чечими боюнча эн мыкты шарттарды сунуш кылган жак жеңүүчү деп таанылат;

б) конверттерди ачып, сунуштарды окуган учурда конкурстун бардык катышуучулары же тиешелүү түрдө таризделген ишеним каттары бар өкүлдөрү катышууга уруксат берилет.

IX. Конкурстун документтерин тариздөөнүн тартиби 

  1. Эң мыкты шарттарды сунуштаган конкурстун катышуучусу жеңүүчү болуп жарыяланат.

Эң мыкты шарттарды комиссия маалыматтык пакетте көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга ылайык аныктайт. Жеңүүчүлөрдү аныктоо эки этапта өткөрүлөт.

Биринчи этапта квалификациялык талаптарга ылайык келген жана зарыл болгон документтердин толук тизмесин берген катышуучулар тандалат.

Экинчи этапта конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү 10 балдык шкала боюнча буга чейин белгиленген ар кандай көрсөткүчтөр боюнча (мисалы: квалификация, иш тажрыйбасы, техникалык жабдуунун болушу жана башкалар) ар бир катышуучуну баалап чыгат. Андан кийин ар бир кандидат боюнча комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн балдарын эсептөө жүргүзүлөт.  Балдардын эң көп санына ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп саналат.

  1. Конкурс өткөрүлгөн күнү конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго комиссиянын отурумдарына катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат.
  2. Протоколдо төмөнкү маалыматтар каралат:

а) конкурстун предмети;

б) конкурстун жеңүүчүсүнүн аты-жөнү же аталышы;

г) келишимге кол коюу боюнча тараптардын милдеттери;

д) ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери жана башка реквизиттери.

Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү же протоколдон көчүрмө бөлүк конкурстун жеңүүчүсүнө берилет. Комиссиянын бардык катышуучулары менен протоколго кол коюлгандан кийин 1 жумушчу күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысына жөнөтүлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысы 5 жумушчу күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсү менен келишим түзөт. Эгерде конкурс ушул Жобону же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен өткөрүлгөнү аныкталса, айыл өкмөтүнүн башчысы келишимге кол коюудан баш тартууга укуктуу.

  1. Конкурсту жеңген жак, протоколго кол коюудан баш тарткан учурда жана айыл өкмөт башчысы менен келишимге кол коюдан баш тарткан учурда төккөн кепилдик салымын жоготот, конкурстун жеңүүчүсү жана кайрадан уюштурулган конкурска катышуу укугунан ажыратылат.

Конкурсту жеңген жак, протоколго кол коюудан баш тарткан учурда жана айыл өкмөт башчысы менен келишимге кол коюдан баш тарткан учурда комиссия кайра уюштурулуучу конкурсту өткөрүү жөнүндө чечимин кабыл алууга же кийинки мыкты шарттарды сунуштаган башка катышуучуну конкурстун жеңүүчүсү деп таанууга укуктуу.

Эгерде жеңүүчү деп таанылган конкурстун кийинки катышуучусу протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, ал дагы  төккөн кепилдик салымын жоготот, конкурстун жеңүүчүсү жана кайрадан уюштурулган конкурска катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурларда кайра уюштурулуучу конкурс жарыяланат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий