Депутаттардын Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын
ТОКТОМУ № 2/6
28-март 2019- жыл Куйбышев айылы
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Мин-Булак айыл аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлүү балдарга жайкы эс алуусуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
Мин-Булак айыл аймагынын өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Мин-Булак айыл аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлүү балдарга жайкы эс алуусуна лагерге баруусуна Айылдык Кенештин Депутаты Бектемирова Кенжегулдун демилгесинин негизинде 50 000 (элүү мин) сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
- Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Мин-Булак айыл аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлүү балдарга жайкы эс алуусуна лагерге баруусуна 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.
Төрага: К. Асанов
____________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, айыл өкмөтүнө, Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фондуна.