Toktom-shapka

Депутаттардын Мин-Булак айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезексиз II сессиясынын

ТОКТОМУ  № 1/6

 29-июнь   2021- жыл                                                                        Куйбышев  айылы

 

«Мин-Булак техникалык тейлөө” ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

            Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесине ылайык Мин-Булак айыл аймагынын  айылдык кенешинин  XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

Токтом кылат

  1. Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “ Мин-Булак техникалык тейлөө” ишканасын ачууга макулдук берилсин.
  2. Мин-Булак техникалык тейлөө ишканасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,  юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү,  тийиштүү иш кагаздарын  бүтүрүү жагы  айыл өкмөттүн башчысы К.Кудайбергеновго жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                         А. Жамангулов

 Жөнөтүлсүн иш кагазга, айыл өкмөтүнө, юстиция башкармалыгына

Добавить комментарий