Куйбышев айылы 29-июнь 2021-жыл
Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын
Токтому № 1/6
«Миӊ-Булак техникалык тейлөө» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновдун баяндамасын угуп жана талкуулап Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
токтом кылат
1.Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында «Миӊ-Булак техникалык тейлөө» муниципалдык ишканасы ачылсын.
- «Миӊ-Булак техникалык тейлөө» муниципалдык ишканасынын жобосун тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме 8 баракта )
- Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага: А.Жамангулов
____________________________________________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн иш кагазга,айыл өкмөтүнө