Toktom-shapka

Куйбышев айылы                                                                                     21-июль   2021-жыл

 

Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын   кезексиз   III сессиясынын

Токтому № 3/15

Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын ремонттук иштерине жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн акча каражатын бөлүү тууралуу

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак  айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Жумабек уулу Жанболоттун баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII чакырылышына кезексиз III сессиясы токтом кылат:

1.Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин төмөндөгү статьясынан;

  • 22211200-статьяга ылайык таза суу системасынын курулмаларын оӊдоого 200000 (эки жуз  миӊ) сом акча каражаты калкты таза суу менен камсыз кылуу иштерин жакшыртуу максатында кайтарымсыз бөлүнүп берилсин;
  • 22154900-статьяга ылайык муниципиалдык ишкананын материалдык-техникалык базасын чындоого 2022-жылдын 1-ноябрына чейин 1000000 (бир миллион) сом акча каражат кайтарымдуу бекитилип, берилсин.
  1. Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
  2. Бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу жана отчетун алуу боюнча иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жумабек уулу Жанболотко  милдеттендирилсин.

 

                       Төрага:                                                                                                               А.Жамангулов

                            ____________________________________________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн иш кагазга, айыл өкмөтүнө, “Таза суу Тазалык” муниципалдык ишканасына

Добавить комментарий