Toktom-shapka

Куйбышев айылы                                                                                     17-август 2021-жыл

Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  IV сессиясынын

Токтому №4/18

Миӊ-Булак айыл аймагынын жайыт ресурстарынын мал жаюу менен байланышпаган, башка багыттарга пайдалануунун бир  жылдык ижара наркын бекитуу жонундо

          Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январы № 30 Жайыттар жонундо мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын окмотунун  2016-жылдын 5-январы № 1 токтомуна  ылайык «Жайыт ресурстарынын мал жаюу менен байланышпаган, башка багыттарга пайдалануунун бир  жылдык ижара наркын бекитуу жонундо » Мин-Булак айылдык кещеши токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январы № 30 Жайыттар жонундо мыйзамынын 10-беренесинин 5-пунктуна ылайык Жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн жыйым жайыт кыртышын бузууга алып келген участоктордо — мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерине ылайык бекитилсин.
  1. Токтомдун 1.пунктундагы мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдери Кыргыз Республикасынын окмотунун  2016-жылдын 5-январы № 1 токтомунун 3-пунктуна  ылайык жайыт жерин башка максатта пайдалануудан   алынбай калган пайда  1 га жер аянтына 90сом, ошол эле учурда алынбай калган пайданын суммасы — 49 (жер участогу пайдаланууга берилген учурда) жана 99 (жер участогу менчикке берилген учурда) коэффициентин колдонуу менен эсептелсин.
  1. Бул токтомду веб-сайтка жарыялоо жагы Мин-Булак айылдык кенешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
  1. Бул токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин торагасы Т. Чаргыновго милдеттендирилсин.

 

                        Төрага:                                                                                               Жамангулов А.

 

Добавить комментарий