Toktom-shapka

Куйбышев айылы                                                                                     17-август 2021-жыл

Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  IV сессиясынын

Токтому №4/19

Миӊ-Булак айыл аймагынын 2021-2025-жылдар арасында социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Кудайбергенов Курманбектин  баяндамасын угуп жана талкуулап Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  IV сессиясы

токтом кылат:

  1. Миӊ-Булак айыл аймагынын 2021-2025-жылдар арасында социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык кошумча-алымчасы менен бекитилсин.
  1. Программаны ишке ашыруу Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго жана атайын түзүлгөн координациялык кеңешке милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомду веб-сайтка жарыялоо жагы Мин-Булак айылдык кенешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

 

 

                              Төрага:                                                                                               Жамангулов А.

Добавить комментарий