Toktom-shapka

Куйбышев айылы                                                                                     27-август   2021-жыл

Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын   кезексиз IV    сессиясынын

Токтому № 4/17

Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза суу тазалык ишканасы ” муниципалдык ишканасынын  адистеринин  эмгек акысын бекитүү жана таза сууну пайдалануу шартынын тарифин бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза суу тазалык ишканасы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асенов Жаныбектин  баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII чакырылышына кезексиз IV сессиясы токтом кылат:

1.“Таза суу, тазалык ишканасы” муниципалдык ишканасынын адистеринин 5 айлык  эмгек акысы жалпы баары 205005 (эки жүз беш миӊ беш) сом болуп бекитилсин.(тиркеме тиркелет-1 баракта)

2.Миӊ-Булак,Куйбышев айылынын жарандарынын үйлөрүнө же короосуна ичүүчү таза сууну киргизип, пайдалануу шартынын тарифи;

-Ичүүчү таза сууну түтүнгө бөлүп киргизүүсүнө уруксаат кагазын алууга, келишим түзүүгө 2000(эки миӊ)сом.

-Ичүүчү таза сууну үйүнө киргизгендер түтүнгө бир жылга 1800 ( бир миӊ сегиз жүз)сом,

Көчөдөгү суу түтүктөрүнөн пайдаланып  ичкендерге бир жылга 600(алты жүз) сом.

-мончо иштеткендерге бир жылга 6000(алты миӊ) сом болуп бекитилсин.

3.Пайдалануу шартын бузуу учурунда Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 73,74,75-беренесине ылайык айып пулдар салынсын.

  1. Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

5.Көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго   милдеттендирилсин.

 

Төрага:                                                                                                               А.Жамангулов

___________________________________________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн; иш кагаздарына ,айыл өкмөтүнө,Таза суу тазалык ишканасына

 

№1 тиркеме

Кызматы саны Негизги эмгек акысы суммасы Райондук коэфф 1жумушчунун 1айлык эмгек акысы 5айлык эмгек акы Ф.И.О.
% Сумма жалпы
1 Жетекчи 1 8000 8000 50 4000 12000 60000 Асенов Ж.Т.
2 Башкы бухгалтер 1 8000 8000 50 4000 12000 60000 Жаныбеков А.А.
3 Оператор 1 4667 4667 50 2333,5 7000,5 35002,5 Бакиров Б.
4 Оператор 1 4667 4667 50 2333,5 7000,5 35002,5 Кадырбек у Ч.
5 Кароолчу 1 2000 2000 50 1000 3000 15000 Жантаев А.
  баардыгы 5 27334 27334   13667 41001 205005

 

 

 

 

 

Добавить комментарий