Toktom-shapka

Куйбышев айылы                                                                            27-август   2021-жыл

Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын   кезексиз V    сессиясынын

Токтому № 5/23

Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн балансасындагы кичи автобус (спринтер) Чоӊ-Кара-Кужур өрөөнүндөгу мектеп окуучуларын  мектепке барып келүүсүн камсыздоого берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак  айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Жумабек уулу Жанболоттун баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII чакырылышына кезексиз V сессиясы токтом кылат:

1.Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн балансасындагы MERSEDES-BENZ SPRINTER 416  жана MERSEDES-BENZ 308D маркасындагы кичи автобустарды Чоӊ-Кара-Кужур өрөөнүнүн Ак-Таш, Кара-Жылга участкасындагы Кылыч Рысмендиев атындагы орто мектебине окуучуларды  алып барып,алып келүү үчүн  берилсин.

2.Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

3.Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго   милдеттендирилсин.

 

Төрага:                                                                                                               А.Жамангулов

____________________________________________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн иш кагазга,айыл өкмөтүнө

Добавить комментарий