Куйбышев айылы 5-октябрь 2021-жыл
Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү III сессиясынын
Токтому № 6/25
Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Чоӊ-Кара-Кужур, Кичи-Кара-Кужур өрөөнүндөгу чабынды жерлерге жайыт акысынын тарифин бекитип берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Чаргынов Тимурдун баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII чакырылышына кезектүү II сессиясы токтом кылат:
1.Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Чоӊ-Кара-Кужур, Кичи-Кара-Кужур өрөөнүндөгу чабынды жерлерге жайыт акысына 1га 1000(бир миӊ)сом болуп, жайыт акы алынсын.
2.Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
3.Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын жайт комитетинин башчысы Т.Чаргыновго милдеттендирилсин.
Төрага: А.Жамангулов
________________________________________________________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн иш кагазга, жайыт комитетине