Куйбышев айылы 10-ноябрь 2021-жыл
Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
Токтому № 7/30
Жер участогун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)жөнүндө” №169 токтому менен бекитилген жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу Жобонун негизинде жана Күн тартибиндеги маселе боюнча Миң-Булак айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Кудайбергеновдун баяндамасын угуп жана талкуулап депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат.
1.Жерге жайгаштыруу материалдарына ылайык Миӊ-Булак айыл аймагынан Кара-Жон участкасынан 1га ички жайыт жеринен майда кум алууга,Төрт -Кашар участкасынан 1га жайыт жеринен топо алууга,Он-Арча суу жээгинин 3(үч) жеринен 0,10га дан 0,30га жерден шагыл алууга, Чолок участкасынан баллас жана яма беккари уюштурууга, Арстанбек-Ата чөлкөмүнөн 1,5га жайыт жеринен этнокомплекс курууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун негизинде иш алып баруу жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин жана токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
Торага: А.Жамангулов
Жɵнɵтүлсүн: иш кагаздарга. Айыл ɵкмɵтүнɵ.