Куйбышев айылы 10-ноябрь 2021-жыл
Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
Токтому № 7/31
Миӊ-Булак айыл аймагындагы Он-Арча суусуна кичи ГЭС курууга берилген келишимди соттун чечиминин негнизинде жокко чыгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Миң-Булак айыл ɵкмɵтү Кудайбергенов Курманбек Асановичтин баяндамасын угуп жана талкуулап депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат.
- Нарын облусунун райондор аралык сотунун 2017-жылдын 31-май айындагы иш № АД-73/17-МН чечими жана Нарын облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2018-жылдын 5-июнундагы иш АД 73/17 МН, АН 06-13/18 АД аныктамасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын иш №АД 73/18-МН, К/ө №6-934/18 АД токтомунун негизинде Нарын районунун Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрь айындагы ОсОО “Рус Гидро” компаниясы менен түзүлгөн эки тараптуу келишими жокко чыгарылсын
2.Он-Арча чакан ГЭСине таандык 1327 контрлуу 19,5 га жер аянтын муниципалдык менчикке берилсин.
3.Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
- Иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Торага: А.Жамангулов