Куйбышев айылы 10-ноябрь 2021-жыл
Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
Токтому № 7/34
Миӊ-Булак айыл аймагында тазалыкты сактоо, белгиленбеген жерге таштанды төгүүнү токтотуу максатында, таштанды төккөн жарандарга айып пулдун наркы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Миң-Булак айыл аймагындагы “Таза суу тазалык ишканасы” муниципалдык ишканасынын башчысы Осмонов Алтынбектин баяндамасын угуп жана талкуулап депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат.
- Айыл аймагындагы тазалыкты сактоо, таштанды ар жерге төкпөө максатында Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 71-беренесине ылайык белгиленбеген жерге турмуш тиричилик таштандыларын жана буюмдарын таштоо, өртөө, ошондой эле түкүрүү боюнча 3-категориядагы айып пул салууга алып келет деген пунктунун негизинде айып пулдун наркы 5500сом болуп бекитилсин.
2.Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
- Иш алып баруу жагы айыл аймагындагы “Таза суу тазалык ишканасы” муниципалдык ишканасынын башчысы Осмонов Алтынбекке милдеттендирилсин.
Торага: А.Жамангулов