Toktom-shapka

Куйбышев айылы                                                                                                                                    14-март  2022-ж.

Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз   II сессиясынын 

Токтому №12/50 

Миӊ-Булак айыл аймагынын “Технология тейлөө” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга бюджетинин планын бекитүү жөнүндө

Миӊ-Булак айыл аймагынын “Технология тейлөө” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга бюджетинин планын угуп жана талкуулап,  Миӊ-Булак айыл аймагын  айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  II сессиясы токтом кылат                                                       

  1. Миӊ-Булак айыл аймагынын “Техникалык тейлөө” муниципалдык иш канасынын бюджетинин планы 2022-жылга тиркемеге ылайык бекитилсин.(№1 тиркеме тиркелет. Бир баракта).
  2. 2022-жылга карата жазгы айдап -себүү иштери үчүн төмөндөгүдөй бекитилсин.
  • Жер айдоо (дыӊ жерге гектарына 1200 сом;күйүүчү майына -30литр (дт)
  • Жер айдоо (аӊызга гектарына 1100 сом;күйүүчү майына -25литр (дт)
  • Тырмоо гектарына-600 сом; күйүүчү майына 8литр (дт)
  • Себүү гектарына -600 сом; күйүүчү майына 8 литр (дт)
  1. . 2022-жылга карата күзгү – оруп жыюу иштери үчүн төмөндөгүдөй бекитилсин.
  • Чоп чабуу (жатка) гектарына -1000 сом; күйүүчү майына 10 литр (дт)
  • Престөө боосуна-7 сом; күйүүчү май гектарына 10 литр (дт)
  • Дан тэгиндерин жыйноо (комбайн) гектарына-2800 сом; күйүүчү майы ичинде.
  • Урук чабуу гектарына 3000 сом- күйүүчү майы ичинде.
  1. Ушул токтом Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, minbulak.naryn. region.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптукатчысы А.Айтбаевага милдеттендирилсин..
  1. Токтом веб сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
  1. Кабыл алынган токтомду көзөмөлдөө жагы Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго жана аткаруу жагы “Техникалык тейлөө” муниципалдык ишканансынын жетекчиси М.Молдобековга тапшырылсын.

                                Төрага                                                                                                              А.Жамангулов

жөнөтүлсүн; иш кагаздарга, Нарын райондук юистиция башкармалыгына .

 

 

IMG_0002

Добавить комментарий