Куйбышев айылы “25” февраль 2022-ж.
Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз I сессиясынын
Токтому №11/46
Миӊ-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулун» берүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Кудайбергенов Курманбектин баяндамасын угуп жана талкуулап, Миӊ-Булак айыл аймагынын “Ардактуу атуулун” берүү боюнча Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы токтом кылат:
1.Миӊ-Булак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы, айыл аймагынын Куйбышев айылынын тургуну Тезекова Алтынга берилсин.
2.Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага милдеттендирилсин.
- Токтом веб сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
- Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Миӊ-Булак айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго жүктөлсүн.
Төрага А.Жамангулов
жөнөтүлсүн; иш кагаздарга, Нарын райондук юистиция башкармалыгына .